Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, “Каракол” тоо лыжа базасы
+996 (312) 90-51-70 (көп каналдуу)
Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Тоо лыжа спорту – бул мыкты эс алуу жана убакытты көңүлдүү өткөрүү. Бирок тоо лыжасы жана сноуборд адамдан тиешелүү ыктуулукту, денени башкара билүүнү жана атайын техникалык ыкмаларды билүүнү талап кылат. Ошол учурда гана тоо лыжасын тебүү жагымдуу жана коопсуз болот. Профессионалдуу инструктор – “биринчи кадамдарды” жасоодогу мыкты устат.

Сиз анын билгичтик менен жүргүзгөн башкаруусунун аркасында тоо лыжасы менен машыккан адам билиши керек нерселерди кандай өздөштүрүп алганыңызды байкабай да каласыз. Тоо лыжасын тебүүнү үйрөнүү эч качан эрте да, кеч да эмес: тебүү ыкмасынын техникасын беш жашар бала да, жашап калган адамдар да өздөштүрө алышат.

Балдарды тоо лыжасына жана сноубордго үйрөтүү. Балдарга тоо лыжасы өзгөчө жагат. Сабаттуу жана ынтаалуу тоо лыжа боюнча инструктор сиздин балаңызга шаймандарды тандашып, керек ыкмаларга үйрөтөт жана үйрөнүү учурундагы толук коопсуздукту камсыздайт. Тоо лыжасына болгон балдардын сүйүүсү ар тараптуу колдоону талап кылат, себеби бул тайманбастыкка, күчкө, тырышчаактыкка эле тарбиялабастан, координацияны жакшыртып, ден-соолукка жакшы таасирин тийгизип, эркин кыймылдай билүү ырахатын тартуулайт.

Тоо лыжа спорту – мыкты эс алуу жана активдүү ишмердиктин пайдалуу түрү. Ал эми лыжа тебүүнүн ырахаты толук болуп, жагымсыз окуяларга кабылбаш үчүн лыжа тебүүнү тоо лыжасы боюнча инструкторлордун жетегинин астында үйрөнүңүздөр!

Инструктордун кызматы/күнүнө 5000 сом / 1 адам үчүн
Инструктордун кызматы/күнүнө 6000 сом / 2 адам үчүн
Инструктордун кызматы/күнүнө 7000 сом / 3 адам үчүн
Инструктордун кызматы/күнүнө 9000 сом / 5 адамга чейин
   
Инструктордун кызматы/саатына 1500 сом / 1 адам үчүн
Инструктордун кызматы/саатына 2000 сом / 2 адам үчүн
Инструктордун кызматы/саатына 3500 сом / 3 адам үчүн
Инструктордун кызматы/саатына 4000 сом / 5 адамга чейин

                      

Выберите камеру и нажмите на картинку!

RUB 0.96 EUR 94.92 USD 88.85 KZT 0.20