Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, “Каракол” тоо лыжа базасы
+996 (312) 90-51-70 (көп каналдуу)
Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Каприздеги карьера

Мыкты кадрларды жумушка алуу – биздин Компаниянын ийгилигинин негизи. Эң жөндөмдүү, демилгелүү жана ийкемдүү адамдар “Каприз” отелдер тармагынын кокуренттүүлүгүнүн пайдубалын түптөшөт. Биз Компаниябыздын уламдан улам өсүп жаткан талаптарына жооп бере алган, билими жана адискөйлүгү жогору адамдарды тандап, кызыктырып жана алып калууга милдеттүүбүз.

Персонал кызматынын максаты –мекемени өнүктүрүү боюнча маселелерди чече алган, жалпы ийгиликке салым кошо билген жогорку квалицикациялуу адистер менен Компанияны камсыздоо. Талапкерлерди тандоо процессине тартылган ар бир жетекчи жана менеджер штатты түзүүгө жана өз бөлүмдөрүнүн жана Компаниянын кадрдык курамын чыңдоого жоокерчилик алат.

“Каприз” отелдер тармагынын квалификациялуу кызматкерлери ачык вакансияларды толтурууда артыкчылкка ээ болушат, себеби Компания кызматкерлеринин компетенциясына жараша карьералык баскычтан жогорулоосуна колдоо көрсөтөт.

Биз ар бир кызматкерибиздин жалпы максаттарга жетүүгө кошкон салымын бийик баалайбыз.

Биз кызматкерлерибиздин ден-соолугуна, профессионалдык жана жеке өнүгүүсүнө кам көрөбүз.

Биз кызматкерлерибиздин ден-соолугуна, профессионалдык жана жеке өнүгүүсүнө кам көрөбүз.

Биз мыкты отелдер тармагын кура алдык. Эми сен идеяларыңды жүзөгө ашыра аласың.

Талант жана жеке ишеним – бул Сизди көздөгөн максатыңызга жетелеп келчү сапаттар!

Эгер сен алдыңкы технологияларды башкарып, өз пикириңди коргой алсаң, жыйынтыкка жетүүдө  тайманбай алдыга жылсаң, биз сага капитал сарптоого даярбыз!

“Каприз” отелдер тармагынын мүмкүнчүлүктөрүнөн колдон!

Биз сунуштайбыз:
• кызыктуу жумушту,
• Профессионалдык жана жеке өсүү үчүн окутууну жана мүмкүнчүлүктөрдү,
• Жагымдуу жумушчу чөйрөнү, чыгармачылыкка ыңгайлуу эркиндикти жана чечим кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн,
• Көп улуттуу ынтымактуу жамаатты

“Каприз” отелдер тармагынын кызматкерлерин мүнөздөөчү сапаттар:
• Адискөйлүк жана ишке берилгендик;
• Ак ниеттүүлүк жана чынчылдык;
• Жумушка сүңгүп иштөө;
• Тактык, аткаруучулук, ачыктык;
• Инновация жана кемтиксиздикке умтулуу;
• Окутууга жөндөмдүүлүк жана кабыл алуучулук;
• Өзгөрүүлөргө даяр болуу, өзгөрүүлөрдү башкара билүү;
• Жамаатта иштей билүү, өз ара жардам, өз ара сый, сылыктык.

Кызматтык тепкичтен көтөрүлүүнүн негизги критерийлери болуп жогоруда көрсөтүлгөн принциптерди сактоого даяр болуп, жалпы корпоративдик баалуулуктарды кабылдап сактоо.

Компания мындан сырткары кызматкерлердин рационалдуулук, сарамжалдуулук жана бардык ресурстарды үнөмдүулүк менен колдонуу сапаттарын баалайт.

Биз – кардарларыбызга сапаттын комплекстүү деңгээлин камсыздоону максаттаган адискөйлөрдүн жамаатыбыз. Биздин компания бирдиктүү философияны көздөп, алдыга койгон максаттарга жетишүүгө ишенимдүү баратат..

Эгер сен биздин принциптерге макул болсоң, анда адискөйлөрдүн жамаатына кошул! Биз сени күтөбүз!

Факс: (996) 312- 905-174 же e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Телефон боюнча маалымат: (996) 312- 905-165

Онлайн бронирование
Заезд
Выезд
Гостей

Выберите камеру и нажмите на картинку!

RUB 1.18 EUR 82.18 USD 69.75 KZT 0.21